Баткенде кургатылган өрүк быйыл башка жылдарга салыштырмалуу эки эсеге кымбат. Бул тууралуу “Акчабарга” Баткен облустук монополияга каршы мамлекеттик агенттигинен билдиришкен.

Кургатылган өрүктүн дүң баасы 2020-жылдын ушул мезгилинде 250 сомдон болсо, быйыл 500 сомго чейин чыккан.

Сүрөттөр интернеттен алынды.

Кургатылган өрүктүн баасы Баткенден башка жактарга көбүнчө дүң баада сатылат. Өрүк бактарында быйыл түшүм дээрлик 80%га чейин азайган. Өрүктүн аз болгондугунун себеби жаз мезгилинде жаан көп жаады. Кургатылган өрүк көбүнчө ички базарда анан Орусияга гана чыгууда”, — деди Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин адиси Мукадас Исаев.

Булак: «Акчабар»