Коом

Бүгүн кечинде Бишкектин борбордук бөлүгү жабылат

Бүгүн кечинде Бишкектин борбордук бөлүгү жол кыймылы үчүн жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Аймак саат 17.00дөн 22.00гө чейин тосулат.

Кыймылга төмөнкү көчөлөрдө чектөө коюлары айтылды:

Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү — «Ала-Тоо» аянты;

Абдымомунов көчөсүнүн Орозбековдон Эркиндикке чейинки бөлүгү — эски аянт.

Кайгуул милициясы эртең эски аянт кечке чейин жабык болорун кошумчалады.

Көчөлөр Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараларга даярдык көрүү үчүн тосулмакчы.

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button