Коомдо канча адам болсо ар биринин өзүнүн тагдыры, башынан кечирген окуясы болот. Кимдир бирөө бакытка эрте жетсе, кимдир бирөө кайгынын казанынан чыга албай, күнөөлүү кишини эле издеп, ар кандай жолдорго барып ичип кеткендер бар. Ошол ичкендерди турмушка чыккан соң мен жакшы түшүнө баштадым. Кээде мен көчөдөгү селсаяктарга суктана баштадым. Анткени, аларга эч ким кийлигишпейт, өздөрүнүн ааламы, өздөрүнүн жашоосу бар.

Жаш туруп жашоонун сыноосу мени да аябады. Турмушка чыкканыма туура 3 жылдай болуп калды. Бул жылдар аралыгында таарыныч менен жакшы достошо алдым. Жолдошум үйдүн улуусу, өзүнөн кичүү эки иниси бир карындашы бар. Топтолуп баарыбыз үйдү айланчыктабай шаарга барып иштейли деп, биз көчүп кеттик. Көп узабай артыбыздан эки иниси келди, иштейбиз деп. Бирөөсү жумуш таап түнкүсүн иштейт, экинчисине такыр жумуш жакпай улам бир иш которуп жүрөт. Шаарда бир бөлмөлүү батирде турабыз. Колумда бир балам, курсагымда бирөө бар. Күнүм үч эркекке тамак жасап, кирин жуумай менен өтөт.

Мени капалантканы кайнилеримдин текеберлиги. Тамакты сөзсүз комментарий берип жешет. Кир жуусам текшерип турат, «таза чайкадыңызбы агарып калбадыбы» дешип. Түн ичинде бала ыйласа жаман көрүшөт «уйку беришпейт экен да» дешип кабак-кашын бүркөшүп. Жолдошум арага түшсө «катынынын таламын талашат, ошонун сөзүн сүйлөйт» дешет. Булардын баарына мейли, жаш азыр, эртең өздөрү үйлөнсө түшүнөт деп жүргөм. Бирок, кечээ жакында жасаган мамилеси чек арадан ашып кетти.

Кызымды алып, эжемдин үйүнө кеттим, бир аз кобурашып, чер жазып келейин деп. Жолдошум жумуштан чыгып кызым экөөбүздү алып келгени артыбыздан келди. Эжем көп деле келбейсиңер, таксикоз болуп өзүңдүн тамагыңды жебей жатыпсың,  тамак жеп кеткиле деп манты жасап бир аз отуруп калдык. Жездем Россияда иштеп жүргөндүктөн  үзүлгөн кабелдерин, сынган эшиктин кармагычтарын жолдошум оңдоп берип, түн ичинде үйгө келдик.

Үйдүн жарыгы өчүп, эки кайним уктап жатышыптыр. Биз кирип жарыкты жандырып, чечине баштадык. Төшөк салып жаңы эле жатаарда,  чоң кайним бери оодарылып:

— Жеңе чай бересиңерби, силерди күтүп өзөрүп өлдүк го. Каякта жүрдүңөр?! – деп кетиреңдейт.

Чыдабай кетип:

— Колу бутуңду байлап кеттимби, турат го баары муздаткычта алып жылытып ичкенге, чай койгонго жараган жоксуңбу?! – дедим да чай коюп, тамак жылытып астына койдум.

Ошону менен баарыбыз уктадык.

Жолдошум мага да болушкан жок, инисине да унчуккан жок. Эртеси түш ченде кайын энем чалып:

— Мага десе он бала төрө, сени кетирип салганга кудуретим жетет. Менин балдарыма чай бербесең эмне кылып жүрөсүң баламдын иштеген акчасын алып, – деп толгон токой сөз айтты.

Ыйладым. Чыдоонун да чеги болот. Кызымды алдым да эжемдин үйүнө кетип калдым. Кыз болсо да мейли деп, кайынсиңди ушундай болот дейт белем. Бирок, бой жеткен 19–20 дагы балдарды карап, сөзүн угуп жашаган азап экен. Билбедим азыркы эркектерде «жигит» деген намыс өлүп калганбы? Кайын энеме да таң калам. Булар жаш бүлө жатат турат деген ой жокпу? Кичинекей бөлмөдө кызым менен 5 адам тыгылып жашайбыз. Балдар башка жакка бөлүнсө эки батирге акча кетет экен. Айткан жүйөөсү ушул.

Кээде туруп жолдошумдун боштугуна кыжырым келет. Айтпайбы баарын ачык эле, «апа, инилерим чоңоюп калды, өзүнчө оокат кылсын, болбосо менин жашоомо кийлигишпей жөн жүрүшсүн» деп.

Менин сурагым келгени мындай көрүнүш биздин эле үйдөбү же башкаларда да барбы? Эмнеге биз доор алмашып, техника өнүккөн заманда жашасак да айрым бир жасаган кадамдарыбыз, бири-бирибизге болгон мамиле өнүкпөй өткөн кылымдын көз карашы менен калып калган?