Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта кол койгон жарлыкка ылайык, Жогорку Кеңештин кийинки чакырылыштагы депутаттарын шайлоо 28-ноябрга дайындалды.

11-апрелдеги референдумда макулдук берилип, 5-майда кабыл алынган жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Шайлоо 27-августта кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт.

Ага ылайык, парламент депутаттары аралаш шайлоо системасы менен шайланышат. Тагыраак айтканда, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система – саясий партиялардын тизмеси аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунан – мажоритардык система менен.

Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча босого чек жети пайыздан үч пайызга түшүрүлгөн. Өлкөнүн аймагында №2 форма менен добуш берүү жокко чыгарылып, күрөө 5 миллион сомдон 1 миллион сомго азайтылган.