Саясат

Владимир Путин Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин  өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

«Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жарыялоонун 30 жылдыгына байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алыңыз. Биздин мамлекеттер ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүүдө. Маңыздуу саясий диалог, ар кыл багыттагы конструктивдүү кызматташтык, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы натыйжалуу өз ара аракеттенүү жолго койулган. Бул биздин боордош элдерибиздин кызыкчылыктарына толук жооп берип, евразия мейкиндигинде тынчтык, коопсудук жана стабилдүүлүктү камсыздоо нугунда жүрүүдө&raq uo;, — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми Кыргызстандын бардык жарандарына бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button