Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Бардык казакстандыктардын жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди жана жалпы кыргыз элин Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы маанилүү бул дата улуттун биримдигин, туруктуулугун жана жаратмандык рухун чагылдырат, мамлекеттүүлүктү андан ары бекемдөө, кыргыз мамлекетинин узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүүсү үчүн зор мааниге ээ.

Бул жылдар аралыгында Сиздин өлкө саясий жана социалдык-экономикалык модернизациялоодо, жарандардын бакубаттыгын камсыздоодо жана эл аралык коомчулукта өзүнүн кадыр-баркын жогорулатууда олуттуу ийгиликтерге жетишти.

Бир тууган элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарын, кылымдык достуктун жана ынак коңшулуктун салттарын карманып, Казакстан менен Кыргызстан көз карандысыздыктын алгачкы күндөрүнөн бери кол кармашып, ар дайым бекем колдоо көрсөтүп, бири-биринин жетишкендиктерине чын дилинен кубанышат.

Биргелешкен аракеттерибиз менен казак-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгү жана союздаштыгы үчүн жаңы багыттарды ачып, көп кырдуу кызматташтыгыбыздын динамикалуу өнүгүшүнө сапаттуу түрткү бере аларыбызга ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровго жооптуу мамлекеттик ишинде чоң ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.