Саясат

Шавкат Мирзиеев Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин  өлкөнүн 30 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

«Сизди жана Сиздин өлкөнүн боордош элин олуттуу дата – Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы менен куттуктоо жана эң жылуу каалоолорумду жолдоо мага чоң ырахат тартуулайт.

Элдин бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча чоң кадамдар өзгөчө көңүл бөлүүгө татыйт. Алар Сиздин өлкөдөгү бүгүнкү саясий жана социалдык-экономикалык реформалардын натыйжасында мүмкүн болду.

Кылымдар бою боордош элдерибиз тарабынан аяр сакталып келген биздин жакын достугубуз жана коңшулаш ынактыгыбыз, ошондой эле көп кырдуу жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк байланышыбыз биздин биргелешкен аркеттерибиздин аркасында акыркы жылдары интенсивдүү өнүгүп жатканын өзгөчө белгилегим келет.

Үстүбүздөгү жылдын мартында чын ыкыластык жана конструктивдүүлүк духунда, биздин жемиштүү сүйлөшүүлөрүбүздүн жүрүшүндө жетишилген бардык макулдашуулар жана биргелешкен долбоорлорду толук реализациялоо биздин элдерибиздин гүлдөп өнүгүүсүнө кызмат кылат деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо  телеграммасында.

Шавкат Мирзиеев Садыр Жапаровго узак өмүр, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө албан ийгилик, ал эми кыргыз элине – туруктуу тынчтык, бакубаттуулук жана прогресс каалады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button