2021-жылдын 2-сентябрынан 5-сентябрына чейин Баткен жана Ош облустарында «Түштүк-2021» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, машыгууга 1,5 миңден ашуун жаран, КР Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин карамагындагы Чек ара кызматынын жалпысынан 200дөн ашуун аскер кызматчылары катышат.

«Түштүк-2021» биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусунун ачылыш аземи 2-сентябрда Баткен шаарында өтөт.

Аталган машыгуу КР Куралдуу күчтөрүнүн күжүрмөн даярдоо планынын негизинде өткөрүлмөкчү, ал эми машыгуунун максаты — Кыргызстандын айрым аймактарына аскердик абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда аскердик органдардын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери жана аскердик түзүмдөрдүн практикалык мобилизациялоосу жана курчутулган кырдаалда күжүрмөн тапшырмаларды аткаруусунун практикалык иш-чараларынын иштелип чыгышында.

Пландаштырылган машыгуунун алкагында аскерлердин тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгынын чыныгы абалы текшерилет. Ал эми запастагы түзүмдөрдүн өздүк курамы ок атуу машыгуусун аткарууда практикалык тажрыйбага ээ болушат.

«Түштүк-2021» машыгуусунун жабылышы 2021-жылдын 4-сентябрында Баткен шаарында болот.