Баткен облусунун Лейлек районундагы кварц кумунан айнек жасоочу ишкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында экономика жана финансы министринин орун басары Жарасул Абдураимов  билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусу боюнча министрлер кабинети тарабынан тескеме, план кабыл алынганы турат.

«Баткен облусунда кен байлыктар көп. Облус жетекчилигине бизнес долбоорлорду бердик. Алар жергиликтүү адистер менен карап чыгышат. Лейлек районунда айнек чыгара турган, бөтөлкө чыгара турган ишкананы ачышыбыз керек. Ал жакта таза кум бар. Алардын технологиясы оор деле эмес. Маселен, Лейлек районунда каржылык сыйымдуулугу жогору, 250 млн доллардан кем эмес болгон долбоорду жүргүзүшүбүз керек. Айнек чыгара турган ишкананы ачуу керек деп ойлойбуз. Себеби Лейлектеги кварц кумунун запасы чоң көлөмдө бар. Ал кум 92-94 пайызга чейин таза. Андан айнек, шише бөтөлкөлөрдү чыгарса болот. Бүгүнкү күндө ишкананы ачуу боюнча иштер жүрүүдө. Ошол боюнча иш алып барып жатабыз. Учурда 52 долбоор бар. Алардын ичинен жыл аягына чейин бирөөнү болсо дагы ишке киргизүү зарыл», — деди Абдураимов.