Коррупция боюнча КР экс-депутаты Ахматбек Келдибековго карата чыгарылган бардык өкүмдөр жокко чыгарылып, жаңы кароого жөнөтүлдү. Мындай чечимди Кыргызстандын Жогорку сотунун судьялары чыгарышты.

Маалыматка караганда, анын иштери Биринчи Май райондук сотко кайра кароого жөнөтүлдү.

«Жогорку Соттун 2021-жылдын 18-августундагы чечими менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 12-ноябрындагы өкүмдөрү жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11-мартындагы өкүмдөрү, ошондой эле Ахматбек Келдибековго карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016-жылдын 13-октябрындагы өкүмү жокко чыгарылды. Келдибековдун ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылды. Кылмыш иши жаңы кароого Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү»,— деп айтылат маалыматта.