Адам баласы туура жолго түшүү  үчүн жаңылуу шарт окшойт. Бирок, эрки күчтүү, бир аз акыл туюму бар адам, өткөндөн сабак алып өзүн түздөп, түбөлүгүн улантат экен. Тескерисинче, текебер адам, сенден мен өтөм, сенден жакшысы толтура деген ой менен оңолуусу кыйын болот тура.

Бишкектен анча алыс эмес айылда турабыз. Мен ушул айылга келин болуп келгени эки жагыбызда эки кошуна жашайт. Экөө тең бир аз ичкен кишилер. Экөөнүн аялы апамдын жанына келгенде ичтеги бүгүн айтып кээде жаш төгүп жеңилдеп, арманы менен бөлүшүп кетишчү.

Ошентип жүрүп, бир күнү бирөөсү аялы менен ажырашып тынды. Ортодо чоңоюп калган мектеп жашындагы балдар, кээде байкеге келип, көбүнчө тайларынын колунда күн өткөрүп жүрдү. Жалгыз калганда гана көзү ачылды өңдөнөт.

Байке бир күнү апамдын жанына келип, бир аз отуруп, кеңеш сурап, оңолсо аялы келер бекен деген үмүттөрүн айтып, апасы каза болгон соң, кайгырып жүрүп ичип кеткенин айткан. Ал кеткенде апам, кошуна жакшы бала экенин, наркы кошунага кошулуп бир аз жолдон чыкканын, апасы мыкты аял болгонун кеп кылган.

Арадан убакыт өтүп, кошуна байке оңолуп баштады. Ичпей калса аябай боорукер, жоош байке экен. Жинди суу тургай, тамеки тартпай, күндөн-күнгө агарып, сөгүнгөнү азайып, адам боло баштады. Балдары келип кабар алып турушат.

Каникулга кызы келгенде, апам, «Жази апаң келем дейби» деп кызынан сураса, «жоок чоң апа, апам келчүдөй түрү жок, балким дагы убакыт керекпи, ишенбейм ага кайра эле ичип алсачы, баягыдай урсачы деп коркот» деген.

Экинчи кошуна оңбоду. Анын деле аялы кетти. Бирок, эки баласын ойлоп байкуш эже эки ирет кетип кайра келди. Жумушка кирип, оңолгон киши болгону менен, койкоңдоп короздой кийинип басканы калбады. Буркурап атыр себинип, көз айнегин тагынып, көчөдөн өтүп калат, көзү куюлуп калганча кыздарды карап.

Бир күнү аялы апамдын жанына келип бир аз отуруп кетти. Сөз үстүнөн, жолдошу оңолмок тургай тескери кетип жатканын айткан. «Бир аз акча тапканга жалгыз бой аялдарды жандап, сен мени таштап кеткенсиң, мен алкашмын, кет эмнеге келдиң деп кол көтөрө  баштады. Бир канча жолу башка аялдар менен көз көрүнөө телефондон сүйлөшүп, тоготпогондой түр көрсөтөт. Келечекке үмүт жок, башка эле жашоо баштайм го» деген ойлорун айтып, капалуу кеткен. Акыры аялы кеттиптир. Бирок, баягы байке күн алыс ар кандай аялдарды алып келип, түнү менен ичип шапар тээп чыгат.  Бир күнү биздин үйгө балта сурап келген. Тили да укмуш экен, чечендигин кантесиң. Уйдө баламды уктатып жаткам. Терезенин түбүндө жолдошума бир аз убакытта бир топ божурады.

Балким аялдарды да ушинтип, ар кайсыны айтып, башын айлантса керек деп ойлоп калдым. Ушундай керт башын ойлогондордун айынан, күнөөсүз балдар, алардын апасы азап чегет да.  Муну мене чогуу ичип, көңүл ачканы келген аялдар деле кандай аялдар билбейм. Алар деле ичкенине караганда, жашоодон бир жаңылганы бар чыгар.

Тагдыр деген ушул турбайбы, сыноодон, күтүүдөн куралган. Эртеңкини ойлоп, эркине бекем турган адам, ар кандай сыноону жеңип, жакшы жашоого умтулат тура. Эрки бош, жашоого кайдыгер карап, картайган кезин ойлобой, өмүр бою жаш, каалагандай жүрөм дегендер да жок эмес. Колунда бар кишиге суктанып, артынан жаман сөз айтып, кантип байыганын кеп кылбай, ошол адам сыяктуу аракет кылганда гана берекет болорун пендеси унутуп калат турбайбызбы…