Экономика

Кыргызстан пакистандыктардан канча пайда тапканы айтылды

Пакистандан Кыргызстанга келген жарандардын ар бири электрондук визага 51 доллардан төлөйт. Андан сырткары «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы 65 чартердик каттамды тейлөөдөн 200 миң доллардай пайда тапкан.

Ал эми «Манас» аэропортуна соңку учурда 550 миң доллар киреше түшкөн.

Мындай маалыматты Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку КеңештинТранспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Кыргызстанга акыркы айларда Пакистандын Исламабад, Лахор жана Сиалкот шаарларынан 65 чартердик каттам менен 12 миңден ашуун жүргүнчү келген. Быйыл 1-январдан 31-августка чейин 9 миң 917 виза берилген.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 7-сентябрдагы жыйынында Пакистандан келген жарандар Бишкекте эмне себептен жүргөнү тууралуу маселе көтөрүлдү.

Депутат Алтынбек Кемелов алардын келген себебин, максатын тактап, мамлекеттин коопсуздугуна көңүл бурууга чакырды.

«Талибанды» азыр баарыбыз көрүп жатабыз, биздин мамлекетибизге, жарандарыбызга коркунуч жаралабашы керек, ошол себептен профилактикалык иштерди жасоо керек», — деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, ал жарандардын Кыргызстанда жүргөнү боюнча эч кандай мыйзам бузуу аракеттери катталбаганын айтты. Ошондой эле алар коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button