Экономика

Чакан жана орто ишканаларга 72 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз финансылык жардам берилет

Дүйнөлүк банктын жана Азия инфраструктуралык инвестиция банкынын колдоосу менен Экономика жана финансы министрлиги (ЭФМ) жеке жана финансылык секторго чукул колдоо көрсөтүү долбоорун баштады.

Бул тууралуу бүгүн, 2021-жылдын 8-сентябрында, коммерциялык банктардын өкүлдөрү, Экономика жана финансы министринин орун басары Руслан Татиков жана министрликке караштуу борбордук казыналыктын директору Заир Чокоев менен болгон жолугушууда айтылды. Алар айткандай, жогоруда аталган Долбоордун максаты – COVID-19 пандемиясынан келип чыккан кризистен чыгууда чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтүү, алардын экономиканын басаңдашынан өтүүсүнө жана жумуш орундарын сактоого жардам берүү болуп саналат.

ЭФМнин Долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин директору Бермет Мусакожоева өзүнүн кыскача презентациясында, долбоор кайтарымсыз негизде 72 млн доллар өлчөмүндө пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү каржылай турганын маалымдады.

Алардан:

  • патент боюнча иштеген чакан ишкерлерге жалпысынан 30 млн доллар бөлүнөт (ар бир алуучуга – 100 миң сом)
  • чакан жана орто ишканалар, салык төлөгөн юридикалык жана жеке жактарга жалпы суммасы – 42 млн доллар берилет (бир алуучуга – 825 миң сомго чейин).

Бул максаттарга ылайык, тандоо жүргүзүлүп, төмөнкү коммерциялык банктар менен келишимдер түзүлдү:

 

— Азия банкы

— Финансылык кредиттик банкы

— Айыл Банк

— КБ Кыргызстан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button