Кылмыш-кырсык

№1 тергөө абагынан качып кеткен соттолуучу кармалды. Сүрөт

Бишкектеги №1 тергөө абагынын кире беришинен бир соттолуучу качып кетип, Теңдик жаңы конушунан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматка ылайык, окуя кечээ, 10-сентябрда саат 15:50 чамасында болгон.

“Соттолуучу соттук териштирүү иштери үчүн Бишкектин №1 тергөө абагынан Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына которулган. Ал эми 10-сентябрда райондук милициянын конвойлорунун коштоосунда кайра тергөө абагына жөнөтүлгөн. Ал тергөө абагынын имаратынын жанынан качып кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Чүй облустук жана Бишкек шаардык милициянын өздүк курамы, ИИМдин ыкчам кызматы тартылып, аны издөөгө алган. Натыйжада соттолуучу Бишкектин Теңдик конушунан кармалган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button