Кылмыш-кырсык

Ички иштер министрлиги Курсан Асановдун кармалышы боюнча билдирүү таратты

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 309-беренесинде (Бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин мурдагы орун басары К.Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Ушуга байланыштуу, К.Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button