Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар Айыл Өкмөтүнүн аймагына эл аралык “Исар” кайрымдуулук фонду мечит куруп, анын салтанаттуу ачылышы жергиликтүү эл жана фонддун кызматкерлеринин катышуусунда болуп өттү. Бул тууралуу редакцияга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Нет описания.

Маалыматка ылайык, мечиттин аянты — 180 чарчы метр  түзүп, курулушка кеткен чыгымдарды аталган фонд  толугу менен каржылап берген.

Нет описания.

“Айыл тургундары мечит куруп берүү өтүнүчү менен “Исар”  фондуна  кайрылышкан. Жаңы мечит Алайкуу өрөөнүндөгү эң чоң жана заманбап мечит болуп калды. Мечитте ибадат кылуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Курулушту “Исар” фонду аркылуу Кувейт өлкөсүнүн кайрымдуу инсандары каржылашкан. Бул мечит ал кайрымдуу адамдардын Кыргызстандын эң алыскы айылдарынан болгон Алайкуу элине кылган эң сонун белеги болуп калды. Бул берешендиги үчүн Аллах Таала аларга эселеген соопторду жазсын” – деп айтылат маалыматта.

Нет описания.

Нет описания.