Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазышты.

Маалыматка ылайык, ага ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети козгогон. Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматына кайрылганыбызда, учурда маалымат такталып жатканын айтышты.

Болотбек Купешев 5-майда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

61 жаштагы Болотбек Купешев министрлик кызматка келгенге чейин Бишкек шаарындагы №69 мектеп-гимназиясынын директору, Герман Гмайнер окуу-тарбия комплексинин директору, Бишкек шаарындагы Октябрь районунун акими, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун акими, Соода-өнөр жай палатасынын түндүк аймактар менен иштешүү департаментинин жетекчиси кызматтарын аркалаган.