Коом

Кыргызстанда балдардын, кыздардын жана аялдардын тамактануусу боюнча изилдөө жүргүзүлөт

Кыргызстанда балдардын, кыздардын жана аялдардын тамактануусу боюнча улуттук изилдөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Изилдөөнүн негизги максаты 6 айдан 59 айга чейинки жана 5-9 жаштагы балдардын, 10-19 жаштагы өспүрүм кыздардын, репродуктивдүү курактагы кош бойлуу эмес аялдардын жана кош бойлуу аялдардын тамактануу абалын баалоо болуп саналат, ошондой эле негизги милдеттердин бири эмчектеги жана балдарды тамактандыруу практикасын, аз кандуулуктун себептерин, байытылган азыктарды керектөөнү баалоо. Кошумча милдет — бул репродуктивдүү курактагы балдардын, өспүрүм кыздардын жана аялдардын тамактануусун начарлатуучу факторлорду аныктоо.

«Иш-чаралар калктын ден соолугун коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүнүн 2019-2030-жылдарга карата «Дени сак адам-өнүккөн өлкө» мамлекеттик программасын жана 2019-2023-жылдарга карата азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында өтүүдө. Бул изилдөө — өлкөнүн калкынын ден соолугун чыңдоого багытталган илимий, коопсуз жана керектүү кадамдардын бири», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button