Бүгүн, 21-сентябрда комитет жыйынында  «Яндекс.Такси» Кыргызстандын аймагында миллиондогон акча таап жатат деп билдирди эл өкүлдөрү. 

Өз кезегинде, санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев  «Яндекс» компаниясы Кыргызстандагы ишмердүүлүгү үчүн салык төлөөгө макул болгонун билдирди. Ал эми такси айдоону каалаган жарандар электрондук патенттин негизинде гана иштей алат деген талап коюлат.

Айдоочу электрондук патенти жок болсо «Яндекстин» такси кызматында иштей албайт.

«Компания таксисттерге талап коют. Эгер таксисттердин электрондук патенти жок болсо, Яндекс тиркемеси менен иштей албайт. Компания ушундай система менен иштөөгө даяр экенин билдирди. Салык кызматында «электрондук патент» системасы бар, патенттер берилип жатат. Биз аны «Түндүк» порталы менен байланыштырабыз жана Яндекстин таксисттери электрондук патент ала алышат», — деди Догоев.

Депутат Акыл Кемелов чет элдик компания мамлекетке салык төлөшү керек деген пикирин айтты.

«Чет элдик компания бир приложение менен акча төлөбөй жүргөнү… Негизи мамлекетке налог төлөшү керек. Монополияга каршы агенттик менен чогуу иш алып баруу керек деп ойлойм. Себеби, тыгын маалында, жарандардын такси кызматына муктаждыгы болуп турган учурда жарандарга бааларды өтө жогорку коюп жатышат.  «Башка эмне кыла алмак эле, шашылыш болсо чакырышат да» деген ойдо болуп жатат да. Такси кызматы бааларын өтө жогорулатпаш керек. Жарандарды кыйнабаш керек«,- деди ал.

Депутат Улукбек Ормонов  «Яндекс» маалыматтык технологиялык компаниясынын такси кызматы Кыргызстандан миллиондорду алып чыгып кетип жатат дейт.

«Мен бул маселени төрт жылдан бери айтып келе жатам. Салык кызматына канча жолу кат жаздым. Компания бир тыйын салык төлөбөйт. Уюлдук тиркемеси менен 5 миңден ашык кыргызстандык жаранды иштетет, алар үчүн салык төлөтсөк миллиард сомго чыгып кетет. «Алар башка таксилерди кысымга алышат. Ошол эле учурда тарифтерди негизсиз көтөрүшөт, эл кыйналып жатат. Мамлекеттик монополияга каршы агенттиги бул маселени өз көзөмөлүнө алышы керек. Баалар элге жеткиликтүү болушу керек. Туура, тиркемеси жарандар үчүн ыңгайлуу, бирок компанияга салык төлөтүү керек. Казакстанда соттун чечими менен иштешине тыюу салынды», —деди Улукбек Ормонов.