Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков өлкөдөн сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Соттун чечими кечээ, 20-сентябрда чыккан.

УКМК Самарбек Болотбековдун 18-сентбярда кармалганын кабарлаган. Ал былтыр өткөн парламенттик шайлоо учурунда алдамчылык кылуу фактысы боюнча айыпталган.

Самарбек Болотбеков мурдагы депутат Руслан Чойбековдун ишинин алкагында кармалган. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү жана парламенттин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Бул кылмышка Самарбек Болотбековдун да тиешеси бар экени кабарланган.

Экс-депутат Руслан Чойбеков 16-сентябрда кармалган, ал тергөө бүткөнчө камакта болот.