«Манас» эл аралык аэропортунан Делиге (Индия) чартердик каттам жанданды. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, каттамдар «Эйр Манас» авиакомпаниясы тарабынан шейшемби күндөрү аткарылат. Буга чейин «Эйр Манас» авиакомпаниясы Дели шаарына 2015-2018-жылдары каттамдарды аткарган.