23-сентябрда Нью-Йорк шаарындагы БУУнун башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда министр Казабаев өлкөлөр ортосундагы транзиттик жана транспорттук потенциалды пайдалануунун маанилүүлүгүн белгилеп, соода өсүшүнө өбөлгө түзгөн Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Кыргыз өлкөсү темир жол коридорун колдонууга кызыкдар экендигин белгилеген. «Ирандын тышкы иштер министри Иран өкмөтүнүн Кыргыз өлкөсүнө транзиттик жана өлкөгө же өлкөдөн товарларды жеткирүү үчүн Бандар-Аббас портунан жер тилкесин бөлүп берүү жана тиешелүү инфратүзүмдү камсыздоо чечими тууралуу кабарлады. Ошондой эле тараптар Бишкекте Иран соода борборун ачуу маселесин талкуулашты», — деп жазылат маалыматта.