Бүгүн, 26-сентябрда «Хаят» мейманканасында «Лидер, жаратман жана саясатчы-аялдардын өнүгүүсү үчүн багыттар» аттуу Кыргызстан Аялдары Кеңешинин Улуттук Форуму өтүп жатат.

Аталган форумга, жарандык активисттер, эл өкүлдөрү жана аймактардан келген айымдар, эксперттер катышууда. Форумдун жүрүшүндө, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө аялдардын саясий катышуусун жогорулатуу, коомдук диалог жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү менен айымдар кеңештеринин лидерлик сапатын өнүктүрүү жолдору талкууга алынууда. Мындан тышкары, Ковид-19 пандемиясын ын шартында кыргызстандык айымдардын жаңыланган айкын жаңы саясий миссиясы тууралуу сөз болду.

Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят, люди сидят и в помещении)

Өзгөчө басым, аймактардагы активист аялдардын өлкөдөгү экономикалык-социалдык процесстерге олуттуу саясий таасир тийгизүүсү үчүн аларга бардык шарттуу аянтча түзүү жана эффективдүү түрдө кызматташуусуна койулууда. Форумда Гүлнара Дербишева, Дамира Ниязалиева, Чолпон Баекова жана Гүлжамал Султаналиева доклад менен чыгышты.

Аймактардагы активист аялдардын өлкөдөгү экономикалык-социалдык процесстерге олуттуу саясий таасир тийгизүүсү үчүн аларга бардык шарттуу аянтча түзүү жана эффективдүү түрдө кызматташуусуна өзгөчө басым койулууда. Форумда Гүлнара Дербишева, Дамира Ниязалиева, Чолпон Баекова жана Гүлжамал Султаналиева доклад менен чыгышты. Айымдарга берилген 30 пайыздык ченем менен чектелбей, мыйзамдуулук базасын бекемдөө зарылчылыгы белгиленди.