Жолдорду оңдоп-түзөөгө жана тейлөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд 235 млн 459,8 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча жол тармагы боюнча жалпы каржылоо 1 млрд 530 млн 206,3 миң сомду түздү.

Анын ичинен:

күнүмдүк бюджет боюнча – 601 млн 334,8 миң сом (70,2%);

капиталдык салымдар беренеси боюнча– 928 млн 871,5 миң сом (67,3%).

“2021-жылдын август айына жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, оңдоп-түзөө жана тейлөөнүн титулдук барагы 492 млн 295,5 миң сомго бекитилген”, – дейт ал.