Президент Садыр Жапаров коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев маалымат жыйында билдирди.

«Бул мыйзам жүрөк-кан тамыр оорулары менен күрөшүүдө жардам берет», — деди ал. Ошондой эле ал жакында маалымат каражаттары мыйзамга кол коюу жөнүндө маалыматты жарыялай турганын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-июлдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин, никотиндин жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун кесепеттеринен коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жактырган.

Мыйзам долбоорунда коомдук жайларда тамеки тартууга, анын ичинде электрондук тамекиге, кальянга жана аралашмаларга тыюу салуу сунушталган. Ошондой эле кафе жана ресторандарда кальянга тыюу салынат.