Бүгүн, 28-сентябрда Бишкек жана Чүй облусунун Кыргыз күрөш федерациясы уюштурган эл аралык мелдештин алгачкы күнү башталды.

Анда балбандар кызыл килем үстүндө күрөшө башташты.

Аталган турнирдин алкагында жеңүүчүлөргө 2 автоунаа жана баалуу белектер ыйгарылат.

Эскерте кетсек, бул эл аралык мелдештин расмий ачылышы эртең, 29-сентябрда болмокчу. Мелдештин салтанаттуу ачылышына Токио-2020 Олимпиадасынын жеңүүчүлөрү: Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, залкар манасчысы Дөөлөт Сыдыков, эстрада ырчылары Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев жана Гүлзада Рыскулова катышат.