Кыргызстанда  коронавирустун нигериялык жаңы түрү аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер азыр COVID -19дун ар кандай штаммдарын аныктоо боюнча ишин улантууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы белгилегендей, вакцинация — коронавирустан коргонуунун эң жакшы жолу.