Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар киргизилгенден кийин КНС боюнча түшүүлөр акырындап көбөйө баштаганын белгиледи.

9 айда КНС боюнча түшүүлөр 29 млрд 426 млн сомду түзгөн, бул 2020-жылдын ушул мезгилинен 9 млрд 868 млн сомго көп.

2021-жылдын 1-октябрына карата система ишке киргенден бери 15 439 ишкер электрондук эсеп-фактураларды колдонуп келишкен, алар жалпы жүгүртүүдөгү 1 трлн 222 млрд 490 млн 261 327 сомго 8 489 698 электрондук эсеп-фактураларды тариздешкен.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып бардык КНС төлөөчүлөр жана товарлардын импорттоо жана/же экспорттоо менен алектенген субъекттер ЭЭФны милдеттүү түрдө колдонууга өтүшкөн.