WhatsApp мессенжери үн билдирүүлөрдү жөнөткөндөр үчүн ыңгайлуу опцияны киргизип жатат. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги  жазды.

Колдонуучулар үн жаздыруу маалында токтотуп, кайра уланта алат. Бул функция кайталанма жана көп жиберилген билдирүүлөрдү азайтып, ойду бир эле жолу жаздыруу менен жөнөтүүгө мүмкүндүк берет.

Учурда жаздыруу кнопкасын бир жолу басып коё бергенде эле маектешке кетип калат. Эми үн жаздыруу интерфейсине «тыным» (пауза) деген баскыч кошулат.

Азырынча жаңы кызмат iOS мобилдик операциялык системасынын бета-тесттери үчүн жеткиликтүү. Android үчүн иштелип жатат.