Борбор калаада 21-октябрда Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм-сүрөт жана искусство музейинде «Мезгил дарагы» тематикалуу көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу редакциябызга  «Мода индустриясы» компаниясынан билдиришти.

Кыргызстанда «Мода индустриясы» компаниясы жана «Подиум Кыргызстан» мода журналы беш жыл ичинде мода индустряисы чөйрөсүндө эл аралык деңгээлде ата-мекендик дизайнерлер, кол-өнөрчүлөр арасында атайы сезондук көргөзмөлөрдү уюштуруп келет.

“Быйыл «Бурана» мода жумалыгынын бешинчи мааракелик сезонун өткөргөнү жатабыз. Ага байланыштуу биз уюштуруу тобу октябрь айын атайы «Мода жана эстетика айы» деп белгилеп, бул багытта ар-түрдүү иш чаралар уюштурулду.

22-октябрь «Жыл мезгилдери» темасында жергиликтуу жана чет элдик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, кол-өнөрчүлөрдүн жарманкеси (Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм-сүрөт жана искусство музейинде, ачылышы саат 16:00, бир жарым сааттык программа);

23-октябрь «Жыл мезгилдери» темасында жергиликтуу жана чет элдик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, кол-өнөрчүлөрдүн жарманкеси (Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм-сүрөт жана искусство музейинде, ачылышы саат 16:00, бир жарым сааттык программа);

30-октябрь, «Мода жана эстетика айынын» жыйынтыгы. Легендарлуу «Эдегей» театрынын шоу-көргөзмөсү, салттуу «Беш-көкүл» кийимдер коллекциясынын атайы презентациясын жана мода индустриясында мыктыларды аныктоо боюнча атайы кайрымдуулук мода кечесин тартуулайбыз (Новотель мейманканасы, ачылышы саат 18:30)

Аталган иш чарага, Кипр, Россия, Өзбекстан жана Казакстандан дизайнерлер катышат», — деп айтылат билдирүүдө.