Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 19-октябрда, коронавирустук инфекция пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында, кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон медициналык кызматкерлерге жана медициналык жогорку окуу жайлардын студенттерине арналган эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Эстелик Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада орнотулган.

Иш-чаранын катышуучулары, курман болгон дарыгерлердин туугандары жана кесиптештери, медицина кызматкерлери эстеликке гүл коюшуп, курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти. Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Өз сөзүндө Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 2020-жылы Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин белгилеп, коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгеги жана каармандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдирди.

Сүйүнбек Касмамбетов укук коргоо органдарынын кызматкерлерине азык-түлүк ташыган, блок-посттордо туруп жана бардык муктаж болгондорго ар тараптуу жардам көрсөткөн ыктыярчылардын аракеттерин дагы өзгөчө белгиледи.

Мамлекет катчысы саламаттыкты сактоо жаатындагы жана көп жылдык ак ниеттүү эмгеги үчүн, ошондой эле эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына байланыштуу Президент Садыр Жапаров 200дөн ашуун медицина кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койгонун жана алардын көпчүлүгү биринчи жолу мамлекеттик сыйлыктарды алышканын эске салды.

Кошумчалай кетсек, пандемия мезгилинде 6 миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус инфекциясы менен ооруп, анын 123ү каза болгон, анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар. Эстеликти орнотуу тууралуу ой медициналык коомчулуктун арасында пайда болуп, ал ыктыярдуу  чогултуудан түшкөн каражатка тургузулган.