Саясат

Садыр Жапаров: Электр тарифин өзгөртпөө чечимин кабыл алдык

«Социалдык-экономикалык абалды эске алуу менен электр энергияга тарифти өзгөртпөө чечимин кабыл алдык» деп билдирди бүгүн 23-октябрда президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн жылдык маалымат жыйынында.

Мамлекет башчынын айтымында, учурда жаңы кубаттуулукту иштеп чыгуу үчүн бир катар долбоорлор ишке ашууда (сүрөттө). Мындан сырткары, кайра калыбына келүүчү энергия булактарына да маани берилери белгиленди.

Тармактагы абалдан улам Кыргызстанда электр тартышты жаралганын адистер белгилеп келишет. Энергетикалык коопсуздукту камсыздоого багытталган реформалар алкагындагы Токтогул, Ат-Башы ГЭСтери мурдагы бийлик учурунда башталган.

Президент өлкөдө электромобиль, бульдозер, учкучсуз учуу аппараттарын чыгаруу боюнча ишкана түзүлөрүн айтты. (BkA)

Булак: «Азаттык» радиосу

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button