Ишкерлерди колдоо максатында Кепилдик фонду 2,0 млрд сомго кошумча капиталдаштырылды, 2020-жылдын октябрынан тартып 1,1 млрд сомго кепилдиктер берилип, алардын жардамы менен ишкерлер коммерциялык банктардан жалпысынан 3,6 млрд сомго кредит алышты. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынында билдирди.

Президенттин айтымында, Кепилдик фондунун атайын программасы аркылуу 680 ишкерге 1 млрд сомго жакын суммадагы жеңилдетилген кредиттер берилди.

Россия Федерациясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ушул жылдын 1-июлунан баштап Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду түз каржылоо программасы боюнча кредиттерди берүүсүн кайра улантты.

Бизнеске кредит берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында 2021-жылдын сентябрында РСК Банкын дээрлик 900 млн сомго кошумча капиталдаштыруу тууралуу чечим кабыл алдык.

2021-жылдын тогуз айында РСК жана “Айыл Банкы” тарабынан 16,7 млрд сомго кредит берилген, алардын 72 пайызы региондордогу долбоорлорду каржылоого багытталган.

Ушул жылдын августунда эл аралык финансылык институттардын колдоосу менен чакан жана орто ишканаларга 72 млн АКШ доллары суммасындагы пайызы жок насыяларды берүү чечими кабыл алынды.

“Айыл чарбасын каржылоо” программасынын алкагында 5,8 млрд сомдон ашык суммага 10 миңден ашык жеңилдетилген кредиттер берилди.

COVID-19 пандемиясы күтүлбөгөн кырдаалдарга даяр болууну шарттады.

Ошондуктан экономикалык кризиске каршы туруштук берүү жана экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу долбоорлорун каржылоо максатында Турукташтыруу фондун түзүү чечими кабыл алынды.

Ишкерлерге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөйт.

Чакан жана орто бизнести мындан ары колдоо максатында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери 2022-2024-жылга чейин үч жылдык мөөнөткө жумуш берүүчүгө 17,5 пайыздан жумушчунун санына жараша 12 жана 4 пайызга азаят.