Саясат

Президент Жапаров: Ипотекалык кредит берүү бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн 4 пайызга чейин төмөндөтүлдү

Өлкө жарандарын турак-жай менен камсыз кылуу максатында 2026-жылга чейин Мамлекеттик турак-жай программасы бекитилип, ушул жылдын сентябрында ишке кирди. Бул тууралуу мамлекет башчысы бүгүн, 23-октябрда, атамекендик жана чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынында билдирди.

Пайыздык ставканы азайтуу жана Программаны ишке ашырууну каржылоо максатында 2021-жылдын августунда Мамлекеттик ипотекалык компаниясын 5,2 млрд сомго капиталдаштыруу боюнча чечим кабыл алынды.

Менин тапшырмама ылайык, ипотекалык кредит берүү боюнча пайыздык ставка бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн 4 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Мындан тышкары белгилеп кетчү нерсе, 2021-жылдын октябрынан тартып мурда берилген ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставкалар жылдык 6-8 пайыздан 4-6 пайызга чейин этап-этабы менен азайтылат.

Ошондой эле жеңилдетилген ипотекалык, чакан жана орто бизнеске кредит берүүнү кеңейтүү максатында “Керемет Банкы” 2,7 млрд сомго кошумча капиталдаштырылды.

Кыйын экономикалык абалда калган кредит алган жарандарыбызды колдоо максатында кредиттер боюнча пайыздарды төлөө үчүн бюджеттен 734 млн сом бөлүндү.

Натыйжада 390 миңден ашык кредит алган жарандарга жардам көрсөтүлдү.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button