Президент Садыр Жапаров пресс-конференциясында ички жана тышкы саясаттагы бардык актуалдуу маселелерге байланышкан суроолорго ачык-айкын жооп берди, – деп билдирди саясат таануучу Бакытбек Жумагулов мамлекет башчысынын 23-октябрда ЖМК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусуна пикирин билдирип жатып.

«Биз буга чейинки айрым президенттердин тушундагыдай эч кандай даярдалган суроолор жана даяр жооптор жок экенин көрдүк. Бардык журналисттер коомду тынчсыздандырган суроолор боюнча түз жана ачык суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту», – деп белгиледи эксперт.

Анын айтымында, конференциянын форматы өлкөдө демократиялык институттар бекемделип, массалык маалымат каражаттары менен конструктивдүү кызматташуу жүргүзүлүп, сөз эркиндиги камсыздалып, кепилденип жатканын көрсөтүп турат.

«Мунун призмасында президенттин министрлер кабинетинин ачыктыгы жөнүндө билдирүүсү абдан маанилүү болду. Аткаминерлер эми журналисттердин суроолоруна жооп берип гана тим болбостон, ошол маселени түшүндүрүп берүүгө да милдеттүү. Бул абдан маанилүү билдирүү болду», — дейт Жумагулов.