“Империя Пицца” тармагынын тамак-ашына ууланган жарандар Бишкектин жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине кайрылууну улантууда. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнөн кайрылуулардын көптүгүнүн себебин түшүндүрүштү.

«Буга чейин үйүндө дарылангандар кайрылышууда. Алардын абалы жакшырбагандыктан ооруканага кайрылып жатышат. Кечээ кечинде келишти, 23-октябрда тамак жедик, анан өзүбүздү жаман сезип, үйдөн дарыландык деп жатышат. Ошол эле маалда алар канчалык кеч кайрылса, ошончолук кыйынчылык жаратат”, — дейт борбор калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашев.

Ал кошумчалагандай, 23-октябрда аталган тамактануучу түйүндөр   болжол менен 900 порция суши жана ролл саткан.

«Жабырлануучулар дал ушул тамактарды балык менен жешкенин айтышкан. Бирок азырынча ууланууга эмне себеп болгонун так айта албайбыз – анализдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Алар жума күнү даяр болушат», — деди ал.

Эске салсак, буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, 25-октябрда баш-аягы 118 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. Ал эми кечээ, 26-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 179га жеткен.

Азырынча «Империя пиццы» окуя боюнча комментарий бере элек.

Азыр кафе түйүндөрүнүн бардык пункттары эпидемиологиялык иликтөө мезгилине жабылды. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги тамак-аштан массалык ууланууга байланыштуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун адистери республиканын бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшере турганын билдирген.

Акыркы маалымат боюнча уулангандардын саны 282 кишиге жеткени айтылууда.