Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова таластык кичинекей спортчу Жасмин Арзыбаева менен жолугушту. Бул тууралуу кыздын апасы Зарина Миршакирова билдирди.

Бүгүн Таласта спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков жана башкалардын катышуусунда масштабдуу иш-чара өтүүдө.

«Айсулуу Тыныбекова саат 13.00дө келди. Биз аны менен таанышып калдык, ал эми Жасмин аны көрдү. Эми алар тамактанганы кетишти. Чемпионубуз келгенден бери кызыбыз анын жанында, абдан бактылуу”,-дейт Зарина Миршакирова.

https://www.youtube.com/watch?v=C3PC0KLwByA&t=35s

Эскерте кетсек, буга чейин интернетте кичинекей кыздын жашы жете элек бала менен мушташып, аны жеңген видеосу тараган. Кызды интернет колдонуучулары “кичинекей Айсулуу Тыныбекова” деп аташкан.

Булак: 24 кж