Спорт

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү үчүн машыгуу залын курууга жер тилкеси бөлүндү

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер тилкеси Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев көчөсүндөгү, 1 дареги боюнча, «Ата-Түрк» сейил багынын жанынан массалык спортту өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча «Жаштык» дирекциясынын аймагынан 40*15 метр жер тилкеси бөлүнүп берилди.

Жашыл көчөт курчаган аймакты кошуу менен бөлүнгөн аянттын жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт.

«Жаштык» дирекциясынын аймагына зал куруунун максатка ылайыктуулугу дирекцияда бассейни бар спорт комплексинин иштеши, спортчулардын машыгуу процесси толук кандуу болоору менен негизделет.

Учурда Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аялдар күрөшү залынын долбоорун, ошондой эле архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарын иштеп чыгууга киришти. Ал эми залдын курулушуна керектүү документтер даярдалып, бекитилип бүткөн соң, аялдар күрөшү залынын куруу иштери башталат.

Алгачкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт. Объекттин курулушунун акыркы сметалык баасы залдын сметалык эсебинен кийин белгилүү болот.

Залдын курулушун Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзөт.

Объекттин курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенден кийин залдын имараты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button