27-октябрь куну Сузак районунун аймагында жайгашкан 13айыл аймак, бир шаарчага жана балдар уйуно Бишкектеги Германия элчилиги тарабынан  жакыр 401 үй-бүлөгө  501 250 сомдук гуманитардык жардам таратылды.

Гуманитардык жардам Германия Федеративдик Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан каржыланып,  долбоор “Мекеним Ала-Тоо” коомдук бирикмеси аркылуу ишке ашырылды.

Экономикалык катчылыкты эске алып калкты азык тулук менен камсыздоо үчүн долбоор жазган “Мекеним Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Давлет Арзикулов төмөнкүлөрдү билдирди.

“Бишкектеги Германия элчилиги 5 000 еврого чейинки долбоорлорго жардам беребиз деп өз сайтына жайгаштырган.

Ковид мезгилинде тамак-аш, медициналык каражаттар тартыш болгондуктан ушул багытта долбоорлорду кабыл алышкан. Анын натыйжасында районго ушундай суммада гуманитардык жардам көрсөтүлду. Бир уй-булого күнүмдүк турмушта колдонулуучу алты түрдүү нерсе салынган. Анын жалпы наркы 1250 сомду түздү”,-дейт Д.Арзикулов.

Анын айтымында гум. жардам алуучулардын тизмесин Сузак райондук мамлекетик администрациясынын кызматкерлери, айыл окмот башчылары, соц.кызматкерлер менен биргеликте аныкташкан.

Гуманитардык жардам райондук мамлекеттик администрациянын алдында, айыл окмотунун соц.кызматкери, айыл башчыларынын көмөгү астында бөлүштүрүлүп айылдарга жеткирилди.

Бир уй-булого ылайыкталган азык-түлүк пакетинде 10 килограм ун, 5 килограм макарон, 2 литр май, 1 кило ак кант, 6 даана самын, 1 таңгак кара чай салынган.

Эске сала кетсек, Сузак районунда 300минден ашун эл, 13 айыл өкмөт, 1 шаарча жана 125 айыл бар.

Буга чейин Бишкектеги Германия элчилиги Базар-Коргон, Ноокен элине ушундай гуманитардык жардам корсоткон