Коом

Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ичинен тогузунчу сапка чыкты

Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ичинен тогузунчу сапка чыкты. Бул тууралуу аба сапатын аныктап, коомчулукка маалымат берип турган World Air Quality уюмунун сайтына жарыяланды.

Учурда борбордогу абанын сапатынын көрсөткүчү (AQI) 152 бирдикти түзүүдө. Бул адамдын ден соолугуна зыян алып келчү кооптуу чек катары эсептелет.

World Air Quality уюму мындай кооптуу учур үчүн бир нече кеңеш берген:

  • сыртта жүргөндө бет кап тагынуу;
  • терезелерди ачпоо;
  • үйгө аба тазалагыч орнотуу;
  • сыртта спорт менен машыкпоо.

Аталган рейтинг боюнча алдыңкы саптагы шаарлар:

  1. Лахор (Пакистан) — AQI – 327 бирдик;
  2. Дели (Индия) — AQI – 189;
  3. Загреб (Хорватия) — AQI – 180;
  4. Калькута (Индия) — AQI – 160;
  5. Мумбай (Индия) — AQI – 160;
  6. Краков (Польша) — AQI – 157;
  7. Дакка (Бангладеш) — AQI – 155;
  8. Ухань (Кытай) — AQI – 155;
  9. Бишкек (Кыргызстан) — AQI – 152.

Ал эми онунчу саптан ылдый жайгашкан шаарлардын абасы ден соолукка өтө кооптуу эмес деп сыпатталган.

Белгилей кетсек, бул рейтинг шаарлардагы абанын булганышына жараша улам өзгөрүп турат.

Соңку жылдары суук түшөрү менен борбор калааны ыш каптоодо. Өткөн жылкы кышта Бишкек абасы кир шаарлардын ичинен World Air Quality версиясы боюнча биринчи орунга чыккан. Бийлик өкүлдөрү буга турак жайлар менен коммерциялык объектилерди жылытууда көмүрдүн жагылышы жана ТЭЦ менен автоунаалардан чыккан түтүн себеп болуп жатканын билдиришкен.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button