Коом

Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери лейлектик тургунду кармап кетишти

Тажикстандын коопсуздук кызматкерлери Баткен облусунун Лейлек районунун 24 жаштагы тургунун кармап кетишкен. Аны өлкөгө кайтаруу боюнча эки ирет сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 21-октябрда А.Хайдаров аттуу Кыргыз жаранын коңшу өлкөнүн коопсуздук кызматкерлери кармап кетишкен.

«Алдын ала маалыматка ылайык, Хайдаров Тажикстандын Пахтакор аймагынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн деп кармалган. Аталган аймакта анын атасы жашайт. Кыргыз жаранын өлкөгө кайтаруу боюнча эки өлкөнүн облустук деңгээлдеги башчыларынын сүйлөшүүсү болду. Бул маселе УКМКнын жетекчилигинин көзөмөлүндө. Учурда Хайдаровду мекенге кайтаруу боюнча бардык аракеттер көрүлүүдө», — дешет мекемеден.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button