Саясат

Улан Примов «бийликти колго алып койгом» деп мактанып жүрөт. Ал 4 жолу эреже бузду!

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов кайрадан Алай шайлоо округунан талапкер болуп чыкты. Ал, талапкер болгонго чейин бийликтин көңүлүн таап, колго алып койдум, «добро» беришти деп мактанып жүргөнүн уктук.

Шайлоого катышып жаткан айрым талапкерлер үгүт мыйзамын, эрежесин бузганы үчүн четтетилди. Негедир Улан Примов бир нече жолу мыйзам бузса дагы, анын кылы кыйшайган жок. Ага карата жумшак мамиле болуп, эскертүү менен гана чектелүүдө. Аны көрүп чын эле «добро» алган окшойт деген ой кетет.

Шайлоо күнү жарыялангандан кийин кайрымдуулук иштерин уюштурган. Мыйзам боюнча бул «добуш сатып алуу» катары баа берилет.

Экинчиси,  шайлоо күнү жарыялангандан кийин Алай жана Чон-Алай районундагы мугалимдерди чет өлкөгө эс алууга жиберет. Бул дагы «добуш сатып алуу» деп бааланат.

Үчүнчүсү,  атаандашы Замир Бөжөновго карата атайылап жалган маалымат таратып, анын кадыр-баркын түшүрүүгө аракет жасаган. Атасы Бердибай Примовго таандык «Ош Пирим» телеканалынын жетекчиси Абай Нур Большевиков «Замирбек Бөжөнов проректор болуп турган кезде Өзбекстандык студенттерден 1000-2000 доллар доля алган» деп күнөөлөгөн постун «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган.

Төртүнчүсү,  Улан Примов үгүт максатында даярдалган видео ролигинде жашы 18ге жете элек балдарды пайдаланган. Аз камсыз болгон үй-бүлөөнүн балдарына жардам бергенин, кайрымдуулук иштерин көрсөтүп жатып балдарды көрсөтүп, мыйзам эрежесин бузган.

Ушундай далилдер Улан Примовдун шайлоодон четтетүүсүнө толук негиз болот. Тийешелүү органдар чара көрүп, баасын берүүсү керек. Президент Садыр Жапаров,  УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев таза шайлоо өткөрүү боюнча улам айтып жатат. Бирок үгүт ишиндеги оркойгон катачылыктарды, эреже бузган Улан Примовго чара көрүлбөй жатканы биринчиден бийликке ишенимди суутат, экинчиден таза шайлоо өтөрүүнө күмөн жаратат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button