Бир мандаттуу Алай шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 4 талапкер атаандашы Улан Примовго карата маалымат жыйын өткөрүштү. Анда, Замирбек Бөжөнов Примовдун командасы тарабынан каралоого кабылганын айтты. Дагы бир талапкер Бакыт Саипов бийликке нааразычылыгын билдирип, атаандашы жылкы союп, паспорт чогултуп жана жолугушууга кишилерди ташып жатканын айткан.

«30 жылдагы катачылыктар кайталанып жатат. Талапкерлер жолугушууга таксилерди коюп адам ташып, жылкыларды союп добуш сатып алуу аракеттерин көрүп жатат. Агитатор деген шылтоо менен эсеби жок агитаторлорду алышкан, бул эмне добуш сатып алууга жатпайбы?» – деп суроо койгон.

Аталган фактылар боюнча кечээ, 16-ноябрда райондук ички иштер башкармалыгы каттоого алганы маалым болду.