Коом

Бишкек шаардык милициясы жылытуу мезгилинде жарандарды этият болууга чакырат

Бишкек шаардык милициясы шаар тургундарын жылытуу мезгилинде сак болууга чакырат. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, участкалык кызматкерлер жеке сектордун жашоочулары менен профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүдө. Октябрь районунун аймагында калк жыш жайгашкан бир нече турак жай аймактары бар. Күз-кыш мезгилинин башталышы менен алардын жашоочулары үйлөрүн көмүр, газ жана электр жылыткычтары менен жылытышууда.

Өрттүн жана истүү газга уулануунун алдын алуу үчүн милиция кызматкерлери сиздерден өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоону, күйүүчү нерселерди жана мештердин жанынан алысыраак кармоону өтүнөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button