Коом

Кыргызстан арбитраждык сотто «Скай Мобайлга» байланыштуу ишти жапты

Кыргызстан Лондондогу эл аралык арбитраждык сотто 73,8 млн доллардык «Скай Мобайл» уюлдук оператору боюнча ишти жапты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын ноябрында «Menacrest AG» жана «VIP Kyrgyzstan Holding AG» компаниясы Кыргызстандан «Скай Мобайл» иши боюнча 73,8 млн доллар кенемте талап кылып, арбитраждык териштирүү ишин баштаган.

2021-жылдын февралында талаштын чоо-жайы жана доогерлердин кыргыз тарапка дооматынын негиздүүлүгү боюнча угуулар өткөн.

2020-жылдын ичинде тараптар арбитраждын курамына өз позициясы боюнча жазуу жүзүндөгү аргументтерди беришкен.

Ал эми 2021-жылдын 12-ноябрында арбитраждык трибунал процессти толук токтотуу жана бул инвестициялык ишти жабуу тууралуу буйрук чыгарган, анткени тараптардын ортосундагы талаш-тартыш жөнгө салынган жана Кыргызстанга карата 73,8 млн доллар толугу менен кайтарылган.

Жөнгө салуу шарттарынын бири – 2018-жылдын ноябрынан тартып бардык арбитраждык чыгымдарынын 96,2% доогерлер  тарабы, ал эми кыргыз тарабы 3,2% гана жапмакчы болду.

Арбитраждык трибунал төмөнкү арбитрларды камтыган:

— Мистер Жон Бикей (Mr.John Beechey CBE, Presiding Arbitror);

— Профессор Жулиан Лью (Prof. Julian D.M. Lew QC);

— Доктор Гэвин Гриффит (Dr. Gavan Griffith QC)

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button