Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Көк-Жар айылын жаратылыш газына кошуу иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотулат. Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу жаратылыш газы төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:

22-ноябрдан 24-ноябрга чейин Көк-Жар айылы, «Сары-Челек» турак комплекси, К.Баялинов, Кайыков, 7-апрель, Конур Осмон көчөлөрүнүн кесилишкен аймагындагы «Сейтек» жаңы конушу; Мехлесхоз-1, Саякбай Каралаев, Мехлесхоз-3, Мехлесхоз-5 көчөлөрүнүн кесилишкен аймагы;

24-ноябрдан 26-ноябрга чейин Көк-Жар айылынын Куланов көчөсү, «Солнечный» кичи районунда, Куйручук №1/1, 1/2, 1/3, 1/4 даректеринде.