Коом
ДСУ өлкөлөрдү тамеки менен күрөшүүгө көбүрөөк инвестиция салууга чакырат
ДСУ өлкөлөрдү тамеки чегүүнү таштоого көбүрөөк инвестиция салууга үндөйт. Бул тууралуу UN News билдирди.
Уюм дүйнөдө тамеки колдонуучулардын саны 2015-жылы 1,32 миллиард адам болсо, 2020-жылы 1,3 миллиард кишиге азайганын белгилейт. Ал эми 2025-жылга карата бул көрсөткүч 1,27 миллиард адамга чейин төмөндөйт деп үмүттөнүшөт.
Докладга ылайык, өткөн жылы дүйнө калкынын 22,3 пайызы тамеки чеккендер. Алардын 40 пайызы эркектер жана 8 пайызга жакыны аялдар.
Болжол менен 13 жаштан 15 жашка чейинки 38 миллион бала – 13 миллион кыз жана 25 миллион эркек бала да тамекиге көз каранды болуп калган. Көпчүлүк өлкөлөрдө балдарга тамеки сатуу мыйзамсыз. ДСУ балдардын арасында тамеки чегүүнү толугу менен токтотууну көздөйт.