Борбордук шайлоо комиссиясы Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетти. Бул боюнча чечим бүгүн, 24-ноябрда  БШКнын отурумунда кабыл алынды.

БШК мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги жөнөткөн каттын негизинде кабыл алган. Министрлик Момбеков 1997-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине тапшырганы жана 2003-жылы окуу жайды бүтүргөнү тууралуу архивдик материалдарда документтер табылбаганын билдирген.

Билим берүү министрлиги Рыскелди Момбеков көрсөткөн дипломдун каттоо номери 2003-жылы бухгалтериялык каттоо адистиги боюнча башка адамга берилгенин аныктаган. Ошондой эле, министрлик Момбековдун биринчи диплому жасалма болгондуктан экинчи диплому мыйзамсыз экенин билдирген.

«Социал-демократтар» партиясынын өкүлү диплом боюнча маселе сотто каралышы керектигин, сот чечими чыкканча Момбековдун шайлануу укугун чектебей турууга чакырды.

Буга чейин атайын кызмат Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Атайын кызмат Момбеков бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимге ээ болгон деп билдирген.

Саясатчынын өзү мындай айыптоону кескин четке кагып келет. БШК жыйынында Момбеков дипломдор жоголуп кеткени, бирок Дипломатиялык академиянын дипломунун көчүрмөсү бар экенин айткан.