Коом

Кыргызстанга Түркиядан гидроэнергетика долбоорлору менен таанышуу үчүн делегация келет

Түркиядан OSTIM Enerjik кластеринин башкармалыгынын төрагасы Яшар Челик баштаган делегация Бишкекке Инвестиция агенттигинин чакыруусу менен келет.

Иш сапардын негизги максаты — гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы инвестициялык долбоорлор менен таанышуу жана тандоо.

Буга байланыштуу агенттик бардык каалоочуларды OSTIM Enerjik менен 14-декабрда Түркиянын ири компанияларынын катышуусунда «Дамас» мейманканасында боло турган бизнес жолугушууга чакырат.

Бул жаатта сунуштары бар ата мекендик ишканалар 0555 11 33 02 телефону аркылуу байланышса же https://forms.gle/CDmQa3xbmQm3pPH56 шилтемеси аркылуу катталса болот.

OSTİM Enerjik энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду илгерилетүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбага ээ. OSTIM Enerjik өз командасынын тажрыйбасынын аркасында дүйнөгө таанымал уюм. OSTİM Enerjik жөнүндө көбүрөөк маалыматты www.ostimenerjik.com.сайтынан тапса болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button