Эдил Байсалов: Элет жеринде жашаган биздин кыздар, аялзаты – өлкөнүн өзгөчө күчү, деми

Баткен облусунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда «Гендердик зомбулукка каршы активдүү иш-аракеттин 16 күнү» жалпы республикалык кампаниясы ишин баштады.

Кампаниянын максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка бөгөт коюусун жогорулатуу, ошондой эле калктын зомбулуктун бардык формалары боюнча түшүнүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу.

Бул акция жыл сайын 16 күнгө созулуп , 25-ноябрда – Аялдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу боюнча эл аралык күнү башталып, 10-декабрь Адам укуктарын коргоо күнүнө чейин жүргүзүлөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, аялдар жашаган турмуш-шартынан көзкарандысыз түрдө болгон күч-аракетин жасап, алдыга койгон максаттарына умтулуп келет.

«Элет жеринде жашаган биздин кыздар, аялзаты өлкөнүн өзгөчө күчү, деми болуп саналат. Алар өздөрү жашап жаткан аймактардын агрардык, социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жатышат. Ушул жылдын апрель айында Баткен облусундагы чек ара жаңжалдарын жөнгө салууда, анын кесепетинен келип чыккан орчундуу маселелерди чечүүдө, жабыр тарткан адамдарга жардам берүүдө, эвакуация маселелерин жөнгө салууда, гуманитардык жардамды таркатууда, дегеле жаңжал чыккан аймакта тынчтыкты орнотууда баткендик аялдардын ролу баа жеткис. Ошондуктан, бул иш-чаранын Баткен жергесинде өткөрүлүүсү өзүнчө мааниге ээ. Президентибиз Садыр Жапаровдун, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун атынан сиздерге терең таазим этем», – деди ал.